Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бир суткада 742 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 158 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 742 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 282 адам вакцинанын биринчи дозасын жана 460 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 242 миң 391 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 31 миң 969 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM