Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы Казакстандан келгендерге жардам берип жатат

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 317 | 0

Бишкек мэриясы «Манас» аэропортуна учуп келген Казакстандын жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандан келген транзиттик жүргүнчүлөрдү ташууга, алар Казакстанга жөнөгөнгө чейин Бишкектеги мейманканаларда түнөө жана ысык тамак менен камсыз болуу үчүн шарт түзүлдү.

Мэрия ыктыярчыларды бул ишке жардамдашууга чакырат. Бул үчүн төмөндөгү телефон аркылуу байланышууга болот: + 996 555 988 866 Исаков Миргазы Маратович, мэриянын аппарат жетекчиси, же Чүй пр., 166 дареги боюнча келүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM