Биз менен байланышыңыз

Казакстанда каза болгондордун арасында 18-19 жаштагы жоокерлер да бар

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 1119 | 0

Казакстандын Ички иштер министрлиги тополоңдо каза болгон 7 полиция кызматкеринин аты-жөнүн жарыялады. Алардын арасында 18 жана 19 жаштагы жоокерлер да бар.

Алар:

— 1988-жылы туулган милициянын капитаны Рахат Сланбеков;

— 1988-жылы туулган ИИМдин начальниги Ринат Камбетов;

— 1993-жылы туулган милициянын ага сержанты Асылханов Ален;

— 1994-жылы туулган милициянын кенже сержанты Нурболсын Алмасов;

— 1976-жылы туулган прапорщик Ербол Ержанов;

— 2002-жылы туулган катардагы аскер кызматкери Кайсаров Мадияр;

— 2003-жылы туулган катардагы аскер кызматкери Аманов Айбат.

Кошумчалай кетсек, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө башталган. Алгач өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган. Алматыда 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган. 19-январга чейин Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM