Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 224 | 0

Өзбекстан бийлиги коңшу өлкөлөргө жана Орусияга  жаратылыш газын экспорттоону толугу менен токтотту. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттигине Өзбекстандын Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул кабар орус маалымат агенттигинин сайтында Казакстанда газдын баасынын жогорулаганына байланыштуу болгон митингдерден кийин жарыяланды.

«Ушул тапта Орусияга газ жөнөтүлгөн жок жана 2022-жылы пландар өзгөрбөйт», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

«Интерфакс» кабарлагандай, азыркы учурда Өзбекстан газды Кытайга жөнөтүүдө.

Өзбекстан 2020-жылы Кытайга 3,277 млрд куб метр газ, 2021-жылдын он айында 4,020 млрд куб метр газ экспорттогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM