Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ошондой эле, санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Талантбек Имановдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.
Президенттин башка жарлыгы менен Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан бошотулду.