Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетти. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду.
Дастан Догоев ушул жылдын 20-майында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 12-октябрда жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына жана түзүмүнө өзгөртүү киргизилип, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлган. Кийин ал мекеме кайра түзүлүп, жетекчиси Дастан Догоев болгон.