Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы кыргыз жарандары үчүн маалымат (консулдук номерлери)

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 697 | 0

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу аталган калаадагы акыркы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

Маалыматта башкы консулдук Казакстан аймагындагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырат. Ошондой эле Казакстандын мыйзамдарына каршы келген аракеттерди жасоодон алыс болууну, массалык акцияларга катышпоону, зарыл муктаждык болбосо көчөгө чыкпоону сунуштайт.

Ал эми консулдук менен байланышуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылуу керектигин белгилейт:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев

Ал эми өлкөгө кайтууну каалаган кыргызстандык жарандар казак-кыргыз чек арасынан эч кандай тоскоолдуксуз өтө аларын билдирет

Буга чейин кыргыз бийлиги Казакстандагы абал кескин курчуп кеткенине байланыштуу казак-кыргыз чек арасындагы ПЧР-тест боюнча талапты убактылуу алып салганын жарыялаган.

ЖККУнун тынчтык миссиясы Казакстанга кандай шарт менен кирет?

Copyright © 2017 Maral FM