Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргыз-кытай кызматташтыгы үлгү боло турган деңгээлде

Кыска кабар | 5 Янв 2022 | 344 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына катышты.

Ал анда сөз сүйлөп, эки элдин ортосунда жетишилген карым-катнаштын деңгээли көптөгөн өлкөлөр үчүн үлгү боло алат деп белгиледи.

Мамлекет башчы Азия мейкиндигинде маданияттар жана цивилизациялар түптөлө баштаган кезден бери эле карым-катышы үзүлбөй, ушул күн тарыхтын далай окуяларына чогуу күбө өтүшүп, ирегелеш жашап келаткан эки эл бар экенин белгиледи. Алар — кыргыздар жана улуу кытай эли.

Садыр Жапаров 1992-жылдын 5-январында дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюлуп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы тарых, башкача айтканда, өз ара мамилелерди суверендүү мамлекеттер катары өнүктүрүүнүн тарыхы башталганын эске салды.

Президенттин пикиринде, 30 жыл ичинде эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана көп пландуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жаатында кыйла ийгиликтер болду. Кылымдар бою Улуу Жибек жолу аркылуу туташкан Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы — бүгүнкү күнү стратегиялык өнөктөштөр.

Президент белгилегендей, Кыргызстандын соода-сатык жана инвестиция жаатындагы негизги өнөктөрүнүн бири Кытай. Кыргыз тарап сооданы ыкчам түрдө өнүктүрүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар.

Атап айтканда, инфраструктура жана транспорт, энергетика жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, туризм тармактарында, ошондой эле Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу району менен кызматташуу тез арада үзүрүн берет.

Мындан тышкары, президент Кыргызстан эли үчүн ишке ашырылып жаткан маанилүү эки тараптуу долбоорлорду белгиледи.

Ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун ишке ашыруу Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия аймагынын транзиттик потенциалын арттыруудагы маанилүү кадам экенин, «Бир алкак – бир жол» демилгесин илгерилетүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калышы керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров 2022-жылы республикада кытай компанияларынын ишин калыбына келтирүү жана активдештирүү башталарын айтты.  ишеним артылганына көңүл бурду.

Аны менен бирге тараптар «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу ташылган жүк агымын көбөйтүү, аларды натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бардык аракеттерди жасап жаткандыгын белгиледи.

Маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы маанилүү багыттарынын бири — билим берүү тармагына да токтолуп, 2022-жылы бул тармактагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним артты.

Copyright © 2017 Maral FM