Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 5-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус болот.