Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 13кө жетти.
4-январга карата беш жарандан талапкер болуу тууралуу арыз түштү. Алар:
— №29 Свердлов райондук округунан Эдил Бейшенбаев;
— №27 Биринчи май округунан Рысбай Аматов;
— №27 Биринчи май округунан Русланбек Акылбеков;
— №29 Свердлов райондук округунан Муратбек Султанбеков;
— №27 Биринчи май округунан Адылбек Гапаров.
Буга чейин төмөнкү жарандар өз талапкерлигин көрсөткөн:
— №29 Свердлов райондук округунан Назгү Жолдошова;
— №27 Биринчи май округунан НурбекТоктакунов;
— №29 Свердлов райондук округунан Жаныбек Асанбеков;
— №27 Биринчи май округунан Шадыкан Жакыпбеков;
— №29 Свердлов райондук округунан Гуля Алмамбетова;
— №27 Биринчи май округунан Элвира Сурабалдиева;
— №27 Биринчи май округунан АнварСартаев;
— №29 Свердлов райондук округунан Жусубалы Керимбаев.
Боршайкомдун маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда, 27-январь саат 18:00дө аякташы керек.
Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.
27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.
Аталган округдарда 28-ноябрда өткөн шайлоодо «бардыгына каршы» болгондор басымдуулук кылган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.