Биз менен байланышыңыз

Тимур Файзиев «Асман» шаарын куруу боюнча дирекциянын башчысы болду

Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 898 | 1

Ишкер Тимур Файзиев жаңы курула турган «Асман» шаарынын долбоорунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ишкер Файзиев «Асман» шаарын куруу боюнча долбоордун башчысы болгонун өзүнүн Инстаграм баракчасында жарыялаган. Аз өтпөй министрлер кабинетинен төрагасы кол койгон документтин сүрөтү да интернет булактарында жарыяланды. Анда Жапаровдун колу 24-декабрда коюлганын көрүүгө болот.

Файзиевдин айтуусунда, «Асман» шаарын куруу 5-8-жылга пландалган. Учурда ири инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жаңы калаа 500 миң адамга ылайыкталып курула турганын да кошумчалаган.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Кубанычбек

    04.01.2022 10:18

    Эн сонун туптуура болуптур.
    илгери Чынгызханда монголдун атагын чыгарган, эки нойон болгон Джебе, Субудай баатыр,
    экоо Тен башка Элден чыккан баатырлар.
    Аларды Чынгызхан тууганчылыгына, даражасына эмес эрдигине, акылына, аскердик айлакердигине, берилгендигине карап ишеним корсоткон.
    Натыйжада болок Элден чыккан эки нойон монголду дунгуротуп жеништерге жетишкен.
    Уйгур, орус, кытай дебей чыныгы кесипкой болсо, кыргызга пайдасы тийсе,
    билимдуу-илимдуу, тажрыбалуу болсо, колунан иш келсе, ишеним жана мумкунчулук бериш керек.
    Т.Файзиев «Асман» проектисине директорлукко дайындоо эн туура кадырдык дайындоо, жемишин тез арада коросуздор

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM