Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн борборунда кышкы жарманке өтөт

Кыска кабар | 2 Янв 2022 | 469 | 0

Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында кышкы эл аралык жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди

Art and Cool — Karakol аталышындагы бул иш-чара 5-январдан 7-январга чейин болот. Анда Кыргызстандагы өндүрүшчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.

«Каракол — КМШнын 2022-жылдагы маданий борбору» макамын алганына карата уюштурулуп жаткан иш-чарада сүрөт көргөзмө коюлуп, жарманке концерттик программа менен коштолот.

Жарманке күн сайын саат 12:00дөн тарта 21:00гө чейин шаардагы К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын астында өтөт.

Каракол шаары КМШнын маданий борбору болот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM