Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында кышкы эл аралык жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди
Art and Cool — Karakol аталышындагы бул иш-чара 5-январдан 7-январга чейин болот. Анда Кыргызстандагы өндүрүшчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.
«Каракол — КМШнын 2022-жылдагы маданий борбору» макамын алганына карата уюштурулуп жаткан иш-чарада сүрөт көргөзмө коюлуп, жарманке концерттик программа менен коштолот.
Жарманке күн сайын саат 12:00дөн тарта 21:00гө чейин шаардагы К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын астында өтөт.
Каракол шаары КМШнын маданий борбору болот