Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Тараз шаарындагы балаты өрттөнүп кетти (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2022 | 689 | 0

Казакстандын Тараз шаарынын борбордук «Арбат» аянтына орнотулган башкы балаты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинин берген маалыматына караганда, өрт 1-январга караган түнү, саат 00:06 чамасында башталган. Жеринде 14 өрт өчүрүүчү, 4 техника иштеп, саат 00:15те чектөөгө алып, 00:20да толук өчүрүп бүтүшкөн.

Жабыркагандар катталбаганы, учурда өрттүн чыгуу себеби иликтенип жатканы айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM