Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Бул боюнча жергиликтүү тургундар видеомаалымат таратышты.
Видеодон белгилүү болгондой, өрт 1-январга караган түнү, болжол менен түнкү 12ден кийин чыккан.
Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат 00:07де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмү тартылып, 00:15 толук өчүрүп бүтүшкөн.
Балаты толук өрттөнүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.