Марал Радиосу

Жалал-Абад: Кара-Көл шаарындагы балаты өрттөнүп кетти (видео)

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Бул боюнча жергиликтүү тургундар видеомаалымат таратышты.

Видеодон белгилүү болгондой, өрт 1-январга караган түнү, болжол менен түнкү 12ден кийин чыккан.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат 00:07де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмү тартылып, 00:15 толук өчүрүп бүтүшкөн.

Балаты толук өрттөнүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Exit mobile version