Биз менен байланышыңыз

Жаштары көп, жаңысы аз VII чакырылыш

Саясат | 29 Дек 2021 | 876 | 0

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, өз ишин баштады. Анда фракциялар түзүлүп, лидерлеринин ысымдары белгилүү болду.

Алгач Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен тааныштырып, шайланып келген депутаттарга тиешелүү күбөлүк жана төш белги тапшырды.

Андан соң бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланып келген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 15, «Ишеним» партиясынан 12, «Ынтымак» партиясынан 9, «Альянс» партиясынан 7, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан 6, «Ыйман Нуру» партиясынан 5 депутат ант берди.

Ошондой эле бир мандаттуу округдан шайланган 33 депутат ант берди.

Айта кетсек, 36 округдун №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов округунда «баарына каршы» астыга чыгып, депутат шайланбай калган. Бул округдарда 27-февралда кайра шайлоо өтөт. Ал эми №30 Ысык-Ата округунан депутат болгон Акбөкөн Таштанбеков тергөө абагында болгонуна байланыштуу ант берүүгө келе алган жок.

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын депутаттардын арасынан эң улуусу «Ынтымак» партиясынан Шарапаткан Мажитова ачты.

Мыйзамга ылайык, парламенттин депутаттары фракцияларга жана топторго бириге алышат. Бүгүнкү жыйында фракциялар түзүлүп, лидерлеринин ысымдары белгилүү болду. Парламенттик көпчүлүккө ээ болгон фракция «Ата-Журт-Кыргызстан» болду. Фракциянын курамына 33 депутат кирди. Алардын 14ү партиянын өзүнүн тизмесинен болсо, калганы бир мандаттуу округдун депутаттары болду.  Фракция лидери: Бакыт Төрөбаев. «Ишеним» фракциясынын лидери — Улукбек Ормонов. «Ынтымак» фракциясынын лидери — Марлен Маматалиев. «Альянс» фракциясынын лидери — Алтынбек Сулайманов. Алар өзүн эркин фракция деп атады.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» фракциялары өздөрүнүн курамын жарыялаган жок. Анткени биринчи жыйынды баштаардан мурда ант берүү аземи жабылышы керектигин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров эскертип, бардык иштерди мыйзамдуу баштоону эскертти.

Бир сааттык танапистен кийин жаңы чакырылыштын депутаттары өз ишин реламентти бузуу, талаш-тартыш менен баштады.

Жаңы чакырылыш парламенттин төрагасын шайлоону күн тартибине киргизип, парламенттин спикерлигине «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөттү. Ал эми «Ынтымак» фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин сунуштады.

Адахан Мадумаров буга чейин Жогорку Кеңештин үч чакырылышына шайланган. Анын ичинен IV чакырылышка төрт айдан ашуун спикер болгон.

Талант Мамытов буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган. Ушул эле чакырылышка бир жылга чукул төрага да болгон.

Алдыда депутаттар спикерди, анын орун басарларын шайлап, Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитишет.

Copyright © 2017 Maral FM