Connect with us

VII чакырылыш: фракциялар түзүлүп, лидерлери белгилүү болду

Видео , Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 8783 | 0

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы өз ишин баштады. Анда фракциялар түзүлүп, лидерлеринин ысымдары белгилүү болду.

Парламенттик көпчүлүккө ээ болгон фракция «Ата-Журт-Кыргызстан» болду. Фракциянын курамына 33 депутат кирди. Алардын 14ү партиянын өзүнүн тизмесинен болсо, калганы бир мандаттуу округдун депутаттары болду. Алар:

— Нурланбек Шакиев (Аксы округу №17)

— Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу №5)

— Улан Примов (Алай округу №11)

— Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу №15)

— Ханджеза Карим (Москва округу №23)

— Айбек Осмонов (Ош округу №7)

— Улан Бакасов (Нарын округу №33)

— Жаныбек Абиров (Ленин округу №26)

— Медербек Саккараев (Чүй-Кемин округу №31).

Фракция лидери: Бакыт Төрөбаев.

«Ишеним» фракциясынын лидери — Улукбек Ормонов.

«Ынтымак» фракциясынын лидери — Марлен Маматалиев.

«Альянс» фракциясынын лидери — Алтынбек Сулайманов. Алар өзүн эркин фракция деп атады.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» фракциялары өздөрүнүн курамын жарыялаган жок. Анткени биринчи жыйынды баштаардан мурда ант берүү аземи жабылышы керек болчу. Учурда бир сааттык танапис жарыяланды.

 

Copyright © 2017 Maral FM