Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандык 17 жаштагы шахматчы рапид боюнча дүйнө чемпиону болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 269 | 0

Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов тез шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Өзбекстандын шахмат федерациясынын басма сөз кызматы маалымдаган.

Өзбекстандык 17 жаштагы гроссмейстер Нодирбек Абдусатторов тай-брейкте орусиялык Ян Непомниахтчи менен беттешип, 1,5:0,5 эсебинде жеңип, тез шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду. Мелдештер Варшавада (Польша) өтүп жатат. 13 раунддун жыйынтыгы боюнча төрт гроссмейстер: Непомняхтчи, Абдусатторов, норвегиялык Магнус Карлсен жана америкалык Фабиано Каруана 9,5 упайга ээ болушту. Эң жакшы кошумча көрсөткүчтөр Орусиянын жана Өзбекстандын өкүлү үчүн болду.

Дал ошолор регламентке ылайык тай-брейкте титулду ойношкон. Биринчи оюнда тең чыгуу катталса, экинчи оюнда Абдусатторов жеңишке жетти. Абдусатторов Карлсенди бетме-бет беттеште жеңип, норвегиялыкты турнирдеги лидерликтен ажыраткан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Санкт-Петербургдагы саммитке катышып жүрсө да, аны коштогон делегация менен өзбекстандык шахматчынын оюндарын онлайн көрдү. Ошондой эле жаш спортчунун ата-энесин куттуктаган.

Шахматчы Нодирбек Абдусатторовду өлкөсүндө учактан атайын даярдыкта күтүп алышты.

Которгон: Майрамгүл Алиева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM