Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында үй өрттөнүп, 85 жаштагы карыя каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык бүгүн, 28-декабрда болгон. Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндөгү үй өрттөнүп жатканы боюнча маалымат саат 9 чамасында келип түшкөн. Саат 9дан 7 мүнөт өткөндө жерине барган ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмү өрттү 9:37де чектөөгө алып, 9:43тө толук өчүргөн.
Каза тапкан жарандын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттөн үйдүн полу, эшиги, төшөнчү орун күйгөн.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.