Connect with us

Аламүдүн районунда үй өрттөнүп, 85 жаштагы карыя каза тапты

Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 179 | 0

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында үй өрттөнүп, 85 жаштагы карыя каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык бүгүн, 28-декабрда болгон. Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндөгү үй өрттөнүп жатканы боюнча маалымат саат 9 чамасында келип түшкөн. Саат 9дан 7 мүнөт өткөндө жерине барган ӨКМдин Аламүдүн райондук бөлүмү өрттү 9:37де чектөөгө алып, 9:43тө толук өчүргөн.

Каза тапкан жарандын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттөн үйдүн полу, эшиги, төшөнчү орун күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM