Биз менен байланышыңыз

Унаа менен товар ташууда навигациялык пломба колдонула баштады

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 361 | 0

Мамлекеттик Салык кызматы унаа менен товар ташууда навигациялык пломбаны колдонуу аракети башталганын кабарлады.

Кыргызстандын аймагы аркылуу жүктөрдү автомобиль менен ташууда навигациялык пломбаларды колдонууну тестирлөө боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилүүдө. Долбоор 2022-жылдын 15-январына чейин иштейт.

Бул мезгилде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө навигациялык пломба унаа эшиктеринин бекитүүчү түзүлүштөрүнө жана унаанын контейнерине жүк турган бөлүктөрүнө илинет.

Пилоттук долбоорго Кыргызстандын аймагына алкоголдук жана тамеки продукцияларын ташып келүүчү 6 компания – «FORESTER», «Сибирь Трейд», «Глобал Риверс», «Крона Трейд», «Тобако Маркет», «Росс Табак» ЖЧКлары катышууда.

Пилоттук долбоордун катышуучулары үчүн транспорт каражаттарынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломбалар ыктыярдуу жана акысыз негизде орнотулат.

Навигациялык пломба — ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына импорттоо учурунда жүк ташуучу унаалар менен товарларды ташууга байкоо жүргүзүү, товарлардын багытталган пунктка жеткирилишин көзөмөлдөө, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонууну киргизүүгө даярдоо максатында колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM