Биз менен байланышыңыз

Соңку суткада 8 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 163 | 0

Кыргызстанда соңку сутка ичинде COVID-19 инфекциясына каршы 8 миң 519 адам эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына караганда, 4 миң 859 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 758 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 219 миң 276 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 4 миң 309 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 184 миң 552 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 680 киши айыгып чыкса, 2 миң 798 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM