Бүгүн, 27-декабрда социалдык тармакта Өзгөн шаарында жасалгаланган балатынын сүрөтү кызуу талкуу жаратты.
Балаты боюнча Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирүү жасап, быйыл Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан жаны жылдык балатыны жасалгалоого каражат бөлүнбөгөнүн билдирди.
Ошондой эле соцтармакта тараган Өзгөн шаарындагы балаты боюнча мэриянын тиешеси жок экендиги айтылды.
Маалыматка ылайык, сүрөттөгү балаты жарандар тарабынан жасалган.