Биз менен байланышыңыз

«Инвесторлор да кызыккан эмес». «Ысык-Көл» мейманканасынын тарыхы жана тагдыры

Саясат | 27 Дек 2021 | 1626 | 0

Үч күн мурун Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасы бузула турганы бюонча маалымат тараган. Андан соң Президенттин иш башкармалыгы мейманкана көп жылдан бери колдонулбай, жараксыз болгондуктан, бузууга туура келгенин айтышкан. Маалыматта имарат урап калуу коркунучунда турганы да белгиленген. Аталган имараттын бузулушу боюнча коомчулукта эки түрдүү пикир айтылууда, айрымдары колдосо, айрымдары элдин пайдасы үчүн экономиканы көтөргөн кадамдарды жасаса болмок деп сындашууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

24-декабрда «Ысык-Көл» мейманканасы бузулуп жаткандагы видеолор социалдык тармактарга тарады. Андан белгилүү болгондой, Акылбек Жапаров баштаган президенттин администрациясынын адамдары имаратты бузганга уруксат берүүнүн алдында кой союп, кан чыгарышкан.

129 миң чарчы метр аянтты ээлеген сегиз кабаттуу мейманкана Бишкектин түштүк аймагынан орун алган. Ал 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. Имараттын курулушуна М-200, М-300 маркасындагы бетон жана арматуралар колдонулган. Ал эми сырты мрамор таштары менен кооздолгон.

Имарат президенттин иш башкармалыгына карайт. Алар билдиргендей, мейманкана көп жылдан бери колдонулбай, эскилиги жетип, авариялык абалда, кайсы бир учурда урап калуу коркунучу бар болгондуктан бузулуп жатат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, саясатчы Адахан Мадумаров «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу видеокайрылуу жасады. Анын ою боюнча, өлкөдө, анын ичинде Бишкек шаарында тарыхый объектилер өтө аз. «Ысык-Көл» мейманканасы да борбор калаанын тарыхый имараттарынын бири болчу. Мадумаров мейманкананын бузулушун ошол конок үйү жайгашкан жер менен байланыштуу деп эсептейт.

«Менимче, кеп конок үйгө караштуу болгон жер жөнүндө болуп жатат. Ал жерде чоң жер бар, аны талкалоо идеясы кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге бир имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун да тиешеси болсо керек. Бул имарат республикалык деңгээлде болбосо да, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый-архитектуралык, маданий имарат болушу керек эле. Аны ким чыгарды ал тизмеден, эмне үчүн чыгарды? Бул — чоң маселе».

Балбак Түлөбаев «Ысык-Көл» мейманканасын Бишкектин тарыхый-архитектуралык, маданий имараттарынын тизмесинен мэрдин милдетин аткаруучу болуп турганда чыгарттырганын «Фейсбук» баракчасы аркылуу жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында да мейманкананын ордуна жаңы имарат салып, ага Президенттин администрациясын көчүрүп баруу идеясы көтөрүлгөн. Азыркы демилгени ал туура кадам катары эсептейт.

«2005-жылдан 2010-жылга чейин мен Президенттин иш башкармасында иштегем. Ал убакта аталган мейманкана бизге карачу. 2007-жылдан баштап мейманкана иштебей, талкаланып баштаган. Биз аны мейманкана кылабыз деп, сүйлөшпөгөн кишибиз калган эмес. Арабдарга, кытайларга, орустарга, түрктөргө сунуштадык. Бирок эч кимиси келип, ал жерге мейманкана курабыз деп аракет кылган эмес. Ал кезде анын «тарыхый-архитектуралык, маданий имарат» деген макамы бар болчу, «бузганга болбойт» деген себеп менен инвесторлор келген эмес. Ошонун айынан 2008-жылдан бери четинен талкалана баштаган. 2010-жылдан кийинки бийлик да мейманкананы ар өлкөгө сунуштаган, бирок жыйынтык чыккан эмес. Ошонун негизинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында да президенттин администрациясын ошол жакта курабыз деген пикирлер айтылып келген. Мэр болуп турган убакта мен Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизип, маданий-тарыхый имараттардын тизмесинен чыгарганбыз. Себеби талкаланып, ичтери чирип, такыр болбой бара жаткан. Эми чынбы-калппы билбейм, анын ордуна Президенттин администрациясы жайгашат экен деп жатат, бул өтө сонун нерсе. Себеби, президент жумушка келгенде жолдордун баары жабылып, элге оңтойсуздук жаралган. Эми эски имараттын ордуна зыңкыйып, Президенттик администрациянын имараты туруп калса, жакшы болот эле деген ойдомун».

Мындан ары чечимди саясий жүйөнү бетке кармап, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чыгара берсе, бийликке эч кандай аброй алып келбейт. Бийликтин чечимдери пайдалуу болушу үчүн экономикалык жүйө менен эсептеп, анализдениши керек. Болбосо ар бир чечим талаш-тартыш жаратып, ишенимди жоготууга, жек көрүүгө алып барат. Имаратты бузуудан мурда жеке компанияга берип, курулушка объективдүү баа бердиртсе, ишенимдүү болмок деп эсептейт көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек.

«Азыркы оор кырдаалда, ишеним калыбына келбей турган абалда бийлик жаратмандык менен алек болушу керек эле. Массалык маалымат каражаттарына чыккан маалымат боюнча Президенттин администрациясынын имараты курулат имиш. Калк үчүн бир нерсени жасоонун ордуна бийлик өзү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жатат. Тескерисинче, азыр турмуш үчүн, жөнөкөй жаран үчүн бир нерселерди жасоо керек. Экинчиден, «Ысык-Көл» мейманканасы тарыхый мурастардын тизмесинде болчу, аны тизмеден чыгарып, тарыхка да сый мамилебиз жок. Президент өзү көлдүк катары бул имаратты сактап, андан ары улап кетсе болмок. Тескерисинче, «буга чейин мына эч нерсе жасабаптыр, биз ээ чыгып, элге кайтарып бердик» десе, ушунчалык чоң саясий упай топтомок. Анын ордуна бийлик кайра эле өзү үчүн, бийлигин бекемдөө үчүн бир нерселерди жасап жатат. Бузардан мурда жеке компанияларга берип, чын эле авариялык абалдабы, иликтөөдөн өткөрүп, обективдүү баа берип, андан соң бузуп баштаса, эл ишенмек. Андан 10 жыл мурун курулган «Кыргызстан» мейманканасын азыр «Хаят» деп өзгөртүп, кандай сонун абалга алып келип койгон. «Ысык-Көл» мейманканасы — жаманбы-жакшыбы, кыргыздын тарыхы. Биздин кыйраткан деле эч нерсебиз жок. Ушундай нерселерге баа беришибиз керек».

Социалдык тармак колдонуучулары даяр имаратты бузгандын ордуна аны окуу жай же оорукана кылууну сунуштап жатат. Кыргызстанда буга чейин мейманкананы ооруканага айлантуу тажрыйбасы болгон. Мисалы Ысык-Көлдө 300 орундуу мейманкананы 188 орундуу ооруканага айланткан.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы массалык митингдерге алып келген. 15-октябрда «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында азыркы президент Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан.

Ал арада Президенттин иш башкармалыгы “Ысык-Көл” мейманканасына байланыштуу билдирүү таратты. Билдирүүгө ылайык, каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынган.

Бузуу иштерин «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин президенттин Жарлыгы менен жаңы түзүлгөн Президенттин Иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт.

Copyright © 2017 Maral FM