Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы корпоративдин акчасын кайрымдуулукка жумшады

Кыска кабар | 27 Дек 2021 | 333 | 0

Бишкек мэриясы жаңы жылдык корпоратив өткөрө турган акчасын кайрымдуулукка жумшады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, Капиталдык курулуш башкармалыгы «Коломто» муниципалдык мекемесине тиешелүү буюм-тайымдарды алып беришкен.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы «Элистан» балдар борборуна китеп сатып алуу үчүн сертификат тапшырышкан.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгы балдарды коомдук шартка аралаштыруу борборуна килем жана телевизор белек кылышкан.

«Бишкек суу канал» башкармалыгы шаардагы көп тармактуу медициналык-социалдык реабилитациялоо борборуна бир катар буюм-тайымдарды алып беришип, борбордогу балдарга жаңы жылдык баштыкчаларды таратышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM