Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынан качкан мас айдоочу үч унааны сүзүп барып токтоду. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 25-декабрдын түнүндө, «БАХУС» рейдин жүргүзүү учурунда болгон. Кайгуул кызматы Б. Осмонов көчөсүндөгү каршы тилкеге чыгып кеткен 06KG281AEP номерлүү RENOL үлгүсүндөгү унаанын артынан барып, токтотууну талап кылганда, айдоочу качып жөнөгөн.
Кайгуулчулар Б. Осмонов көчөсү менен Мамыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Газпром» май куюучу жайынын тушунан кууп жетип, астын торогондо, айдоочу алардын унаасынын эшигин сүзүп, дагы качкан.
Мындан улам артынан атайын экипаж артынан көзөмөлдөп, эскертүү иретинде асманга эки ирет ок аткан. Качкан айдоочу Т. Касымбеков менен И. Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган «ВАЗ-2106» унаасын сүзүп, андан өтүп, НОWО үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп барып токтогон.
Наркология бөлүмү айдоочу мас экенин аныктаган корутунду чыгарып беришкен. Кармалган М.Т. Кара-Суу районунун тургуну, жүк ташып иштейт.
Жагдай боюнча айдоочуга укук бузуулар жөнүндө кодексинин 18-185-188-192-193-беренелери менен 49 миң сомдук айып салуу боюнча протокол түзүлдү. Кармалган адам 48 саатка камакка алынды.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланып жатат.