Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан бир бейтап каза болуп, дагы 39 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 182 | 0

Кыргызстанда 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 55 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 287 бейтап, амбулатордук түрдө 337 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 395 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 790 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM