Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Октябрь райондук сотунда жарандар үчүн шарт түзүлгөн эмес

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 200 | 0

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун имаратында сот отурумдарынын катышуучуларына көңүл кош мамиле жасалат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Сот отурумударына катышуу үчүн барган жарандар коридордо дубалга жөлөнүп турган учурлары көп. Анткени аларга жетишерлик санда отургучтар каралган эмес. Улгайган адамдар үчүн да сот отуруму башталганга чейин отуруп турганга орундук жок. Сотко келүүчүлөргө үч эле орундук коюлган.

Буга байланыштуу Акыйкатчы аппараты Сот департаментине кайрылуу жолдоп, өлкөнүн бардык сотторунда, анын ичинде Октябрь райондук сотунда жарандар үчүн зарыл шарттарды түзүүнү сунуштады.

Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери жарандардын кайрылуулары боюнча бардык инстанциялардагы сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшөт. Арыз ээлерине укуктук консультацияларды беришет жана процессуалдык кодексте каралган ченемдердин бузулууларына көңүл бурушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM