Connect with us

Нур-Султан шаарына коюла турган Манастын айкелинин эскизи тандалды

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 432 | 0

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына коюла турган Манастын айкелинин эскизи тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрлик жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарып, айкелчи Үрүстөмбек Пазыловду жеңүүчү деп тапты. Ага атайын сертификат менен 120 миң сом акчалай сыйлык ыйгарды.

Мындан тышкары сынакка катышып, экинчи орунду алган Азамат Абдрахмановго 80 миң сом, үчүнчү орунду алган Базарбек Сыдыков менен Аскар Турумбековго 50 миң сомдон берилди.

Жеңүүчү деп табылган Үрүстөмбек Пазыловдун эскизи эми министрликтин көркөм эксперттик комиссиясында каралып, артыкчылык-кемчиликтери талкууланат. Анын негизинде толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилет. Айкел толук даяр болгондо, ал коюла турган жер менен таанышуу үчүн жумушчу топ Нур-Султан шаарына иш сапар менен барып кайтат.

Айта кетсек, 2021-жылдын май айында Бишкек шаарынын ошол кездеги башкы архитектору Марат Жороев Казакстандын Маданият жана спорт башкармалыгы менен жолугуп, анда Бишкек шаарына Абай Кунанбаевдин, Нур-Султан шаарына Манастын айкелин орнотуу маселесин талкуулаган.

Андан соң 20-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Нур-Султан шаарына коюла турган Манастын айкелинин эскизине ачык сынак жарыялаган.

Манастын айкели Кыргызстандан тышкары Орусиянын борбору Москва шаарында, Кытайдагы Кызыл-Суу автономиялуу округунун Улуучат өрөөнүндө, Түркиянын Анкара, Стамбул шаарларында, дагы башка көптөгөн чет мамлекеттин шаарларында тургузулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM