Биз менен байланышыңыз

Орусия Болот Тентимишовго «Эркектин мыкты ролу» номинациясын ыйгарды

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 382 | 0

Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок» КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн кинофестивалында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Болот Тентимишов «Эркектин мыкты ролу» номинациясын жеңип алды. Номинациянын статуэткасын жана дипломун министр Азамат Жаманкулов бүгүн, 22-декабрда тапшырганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Болот Тентимишов бул номинацияны Эмил Атагелдиев тарткан «Көл» (Озеро) тасмасында жараткан ролу үчүн алган. Сыйлыкты алууга аны тасманын продюсери Эрке Жумакматова коштоп келген.

«Көл» тасмасы Эмил Атагелдиевдин дебюттук эмгеги болуп эсептелет. Ал 2017-2018-жылдары «Оймо» жана «Айтыш фильм» студияларынын көмөгү менен тартылган.

«Киношок» фестивалы 1992-жылы негизделип, жыл сайын Анапа шаарында өтүп келет. Орусиядагы эң ири кинофестивалдардын катарына кирет.

Фестивалга Бакыт Мукул менен Дастан Жапаров тарткан «Акыркы көч» тасмасы да катышып, «Мыкты музыка» номинациясын жеңип алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM