Биз менен байланышыңыз

Баңгизат саткан интернет дүкөндүн кожоюну кармалды (видео)

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 384 | 0

Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы интернет дүкөн аркылуу нашаа саткан адамды кармады.

Алдын ала маалымат алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен катталган иштин негизинде «көзөмөлдөп сатып алуу» операциясы жүргүзүлгөн. Ага ылайык, Аламүдүн районундагы Пригородный айылынан кара изолента менен оролгон баңгизат баштыкчасын алышкан. Экспертиза бул заттын каннабис чайыры (гашиш) экенин аныктаган.

Ыкчам иликтөөнүн аркасы менен ушул интернет дүкөндүн уюштуруучусу, кожоюну Б.И. аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Шектүү турган үйдү тинткенде, кара куурайдын уругу, интернет дүкөндү башкарган эки уюлдук телефон, ошондой эле кардарлар акча которуп турган үч банктык карта чыккан.

Уюлдук телефонду текшергенде, Telegram социалдык тармагына баңгизат жана психотроптук заттарды сатуу үчүн «Сакура шоп» каналын ачканы белгилүү болгон. Андагы жашыруун сүрөттөр аркылуу баңгизат катылган 10 жашыруун жайды таап чыгышкан.

Кылмышка шектүү Бишкек шаарынын тергөө абагына эки айга камакка алынып, бул иш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM