Биз менен байланышыңыз

Соттук отурумга мас болуп келген адвокаттын лицензиясын алуу талап кылынды

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 402 | 0

Соттук отурумга мас болуп келген адвокаттын лицензиясын алуу талап кылынды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчы аппаратынын кызматкери соттолуучу Р. Т.нын кайрылуусунун негизинде соттук отурумуна катышкан. Отурумга Р.Т.нын жактоочусу Раимкулов Канат Жолдошбекович мас абалында келген. Муну менен ал КР адвокаттарынын кесиптик этика кодексин, тагыраагы, 3.6-пунктунда көрсөтүлгөн «адвокат юридикалык жардам көрсөтүүдө жүрүм-туруму мыйзамдын талаптарына, моралдык жана этикага ылайык келүүгө тийиш» деген талаптарын одоно бузган. Андан тышкары соттолуучуга юридикалык жардам көрсөтүп, жактоочулук милдетин так аткарбастан, айыптоолордун баарына унчукпай макул болуп берген.

Акыйкатчы аппараты айтылган фактылар боюнча 14 адамдын колу коюлган акт түзүп, Адвокаттар коллегиясынын этика комиссиясына жактоочуну лицензиясынан ажыратуу талабын жөнөттү.

Бул маселе Акыйкатчы аппаратынын Чүй облустук башкармалыгынын көзөмөлүнө алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM