Биз менен байланышыңыз

Баңгизат саткан интернет дүкөндүн курьери кармалды (видео)

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 366 | 0

Ички иштер министрлигинин баңгизат менен күрөшүү кызматы интернет аркылуу баңгизат саткан каналга бөгөт койду. Кылмышка шектүү 22-ноябрда кармалганын министрликтин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн иликтөөнүн жүрүшүндө бүгүн, 22-ноябрдын таңында Ысык-Көл облусунун 1991-жылы туулган тургуну кармалган. Ал Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү Ботаникалык бакчага, каналдын жээгине термобаштыкчага салынган психотроптук затты бекитип жаткан жеринен колго түшкөн.

Шектүү Бишкектеги интернет дүкөндөрдүн биринин тапшырмасы менен психотроптук заттарды белгиленген жайларга катып кетип жүргөнүн мойнуна алып, капчык сумкасынан 15 даана термобаштыкча алып чыгып берген. Ошондой эле анын көрсөтмөсү менен ар кайсы жерлерге бекитилип коюлган 40тан ашуун термобаштыкча алынган.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алар алынган заттар «мефедрон» жана «альфа п-в-п» экенин аныктаган корутундуну 21-декабрда беришкен.

Учурда бул ишке катышы бар шектүүлөрдү аныктоо, колго түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM