Президент Садыр Жапаровдун Индияга иш сапары менен барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар менен жолугушуусунда айтылды.
Анда президент Садыр Жапаровдун «Индия — Борбордук Азия» саммитине катышуусуна даярдык көрүү тууралуу сүйлөшүлдү.
Жапаровдун Индияга сапары 2022-жылдын январында ишке ашат.
Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-индус өкмөттөр аралык комиссиясынын X жыйыны өтөрү күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын Индияда жана Индиянын Кыргызстанда «маданият жылы» өткөрүлөт.
Кыргыз-индус бизнес-форумдарын өткөрүү, Индия өкмөтүнүн гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 200 миллион доллар кредиттик линияны берүү шарттарын макулдашууну тездетүү, Кыргызстандагы университеттердин биринин базасында Бишкекте IT-борборун ачуу тууралуу макулдашылды.
Министрлер аскердик-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө байланышкан маселелерди да талкуулашты.