Биз менен байланышыңыз

Орус жазуучусу Ольга Белоусованын жомок китеби кыргызчага которулду

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 368 | 0

Орусиянын балдар жазуучусу, журналист Ольга Белоусованын «Урал Аяз жөнүндө жомок» чыгармасы кыргыз тилине которулуп, басылып чыкты. Бул тууралуу китептин котормочусу Турсунай Калмурат кызы «Маралга» билдирди.

Котормочунун айтымында, чыгармада азыркы заманбап техника, технологиянын адамзатка, анын ичинде балдардын кыял-максатына тийгизген терс кесепеттери баяндалып, табият менен адамдын байланышы сүрөттөлөт.

Чыгарма Екатеринбург шаарындагы «Идея» фондунун демилгеси менен которулган.

Китептин жарымын орус тилиндеги түп нуска варианты, жарымын кыргыз тилиндеги котормо варианты түзөт.  Аны басууда айтылган фонд менен Орусиянын Свердлов облусунун Эл аралык мамилелер жана тышкы экономикалык байланыштар министрлиги демөөрчүлүк кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM