Биз менен байланышыңыз

Дональд Трамп Кытайдан кенемте талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 461 | 0

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Кытай өлкөсү COVID-19 пандемиясынан улам келтирилген зыян үчүн жок дегенде жарым-жартылай кенемте бериши керек деп эсептейт. Ал мындай талабын Fox телеканалына берген маегинде билдирди.

«Мен бир эле Америка Кошмо Штаттары жөнүндө айтып жаткан жокмун. Пандемия дүйнөдөгү өлкөлөрдү 60 триллион доллар зыянга учуратты», — деди Трамп.

Трамп ошол эле учурда Кытайда мындай сумма жок экенин, бирок мамлекет келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн кандайдыр бир аракеттерди жасоого милдеттүү экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, август айында АКШнын чалгындоо агенттиги SARS-CoV-2 коронавирусунун келип чыгышын изилдеп, корутундусун АКШ президенти Жо Байденге сунуштаган. Агенттик коронавирус биологиялык куралдын өнүгүшү эмес экенин айтып, бул инфекция кантип пайда болгону белгисиз бойдон калууда деп тыянак чыгарган.

Ал арада Кытайдын Вашингтондогу элчилиги материалды илимий жактан ынандырарлык эмес деп, АКШнын чалгындоо кызматын эмес, илимпоздорду COVID-19 вирусу менен күрөшүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM