Биз менен байланышыңыз

Мирлан Мурзаевдин голу Индиянын футбол клубуна жеңиш алып келди (видео)

Кыска кабар , Спорт | 19 Дек 2021 | 1789 | 0

Индиянын футбол боюнча чемпионатында «Ченнайин» клубу Мирлан Мурзаевдин тепкен голу менен жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Индиянын республикалык чемпионатынын жетинчи айлампасында «Ченнайин» клубу менен «Одиша» клубу бет келген. Алгач 1:0 болуп турган эсепти Мирлан Мурзаев 2:0 кылып өзгөрткөн. Оюндун соңку мүнөттөрүндө «Одиша» дагы бир гол киргизип,оюн 2:1 менен аяктаган.

«Бул Мирландын ушул клубда ойноп баштагандагы алгачкы голу. Ушунуңдан жазба!» — деп жазды Кыргыз футбол союзу.

Айта кетсек, «Дордой» кулубунун жана Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу, өлкөнүн «мыкты бомбардир» рейтингинде биринчи орунда турган Мирлан Мурзаев август айында Индиянын «Ченнайин» футбол клубу менен келишим түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM