Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Валентина Гилка дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 746 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр актрисасы Валентина Гилка 80 жашында көз жумду. Кабарды Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театры угузду.

Валентина Гилка 1941-жылы 23-ноябрда Украинанын Донецк шаарында туулган. 1964-жылы Харьков театралдык институтун аяктап, Закарпат драма театрынын труппасына актриса катары кабыл алынган. 1975-жылга чейин Белгород, Астрахань, Иваново, Свердловск шаардык театрларында эмгектенген.

1975-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарына келип, Н. К. Крупская атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик орус драма театрына (учурдагы Чынгыз Айтматов атындагы Кыргыз улуттук орус драма театры) кирген. Көзү өткөнгө чейин ушул театрда актриса, режиссёр, продюсер кызматтарында иштеп келди.

Ал театрда иштеген жылдары «Фома Гордеевде» Медынскаянын, «Үч мушкетёрдо» ханышанын, «Егор Булычев жана башкаларда» Зобунованын, «Канбийке менен чочкочуда» ордо кызматчысынын, «Сологойдо» Мурышкинанын дагы башка ушул сыяктуу ондогон спектаклдерде роль ойногон.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 20-декабрда саат 10:00дө Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын фойесинде болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM