Биз менен байланышыңыз

СЭЗ «Бишкек» 215 миң 800 сомго жаңы жылдык белек алат

Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 436 | 0

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы башкармалыгы жаңы жылдык белектерди алуу үчүн Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тендер жарыялады.

Тендердин шарттары порталга 17-декабрда киргизилген. Катышууну каалагандардын арызы 27-декабрга чейин кабыл алынат.

Тендердин баштапкы суммасы 215 миң 800 сом деп белгиленди.

Ошондой эле порталда бул сумма мекеменин ички эсебинен которулары көрсөтүлгөн. Айта кетсек, мекеме жылдык коротуулар үчүн 5 млн сом бекиткен.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын басма сөз кызматы алынган белектер Бишкек шаарындагы «SOS Деревня» балдар үйүнө берилерин маалымдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM