Биз менен байланышыңыз

Президент: Дарыгерлерди турак-жай менен камсыз кылуу маселеси чечилет

Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 400 | 0

Бүгүн, 19-декабрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына барды. Ал оорукананын жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты.

100 орунга эсептелген жаңы корпуста төрт бөлүм бар — жаак-бет, ЛОР, көз жана урология бөлүмдөрү.

Президент медициналык кызматкерлер менен баарлашуу учурунда кадрлардын жетишсиздиги, өзгөчө айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиз экени айтылды. Көпчүлүгү айлыктын аздыгынан чет өлкөгө иштегени кеткен.

Садыр Жапаров келерки жылга бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлыгын көтөрүү маселеси каралып жатканын, ал эми турак жай боюнча мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү маселеси пландалып жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM