Бишкек шаарынын мэри «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен болгон окуялар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
18-декабрга караган түнү саат 01:20 чамасында Бишкекте мас айдоочу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 1976-жылы туулган Т.Н. «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, 1960-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери, ал алган жаракатынан улам каза болду. Айдоочунун мас абалда экени наркологиялык борбордон аныкталган.
12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде кырсык болуп, «тазалыкчы» каза болгон. Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Кылмышка шектелип, 23 жаштагы айдоочу кармалган.