Биз менен байланышыңыз

БШК Медербек Саккараевдин талапкерлигин жокко чыгарды

Кыска кабар | 19 Дек 2021 | 553 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 18-октябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан катары катышып, эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин талапкерлиги жокко чыгарылды.

Мындай чечимге Саккараевдин Казакстандын да жараны экени себеп болгон. Мыйзамга ылайык, башка өлкөнүн жараны Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлана албайт.

Айта кетсек, буга чейин талапкер Медербек Саккараевдин Казакстандын да жараны экени боюнча БШКга арыз түшкөн. Бул маалыматты тастыктоо үчүн Ички иштер министрлигине кайрылуу жөнөтүлгөн. ИИМдин Казакстанга жөнөткөн катына Алматы шаарынын полиция департаменти талапкер Казакстандын жарандыгын 2006-жылы алганын, жарандыктан чыгуу боюнча арыз түшпөгөнүн маалымдаган.

БШК мөөнөт бергенине карабай, ал башка өлкөнүн жараны эместигин тастыктаган документ көрсөтө албаганын жана Алматы полиция департаменти жөнөткөн катты негиз кылып, Саккараевдин талапкерлигин алып салуу чечимин кабыл алды. Ал эми округда кайра шайлоо өткөрүү маселеси талапкердин расмий өкүлү сотко кайрыларын билдиргендиктен, кийинчерээк карала турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM