Биз менен байланышыңыз

Эртең алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир башталат

Кыска кабар , Спорт | 19 Дек 2021 | 302 | 0

Эртең, 20-декабрда алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир башталат. Бул тууралуу Алыш күрөш федерациясы кабарлады.

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган эл аралык турнир Жогорку Кеңештин экс-депутаты, күрөштүн ушул түрүнүн негиздөөчүсү, Кыргыз улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти, маркум Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналат.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Ирандан келген 300дөн ашуун балбан катышат. Конокторду тосуп алуу салтанаты бүгүн, 19-декабрда болуп, 20-21-22-декабрда мелдештер орун алат.

Балбандар үч категория боюнча жалпы 24 салмакта күч сынашат:

Эркектер арасында эркин стиль: 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

Эркектер арасында классикалык стиль:  60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;

Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Мелдештердин жалпы байге фонду 540 миң сомду түзүп, баш байге алгандарга алтын медаль, чемпиондук кур менен кошо автоунаа жана 1 500 доллар акчалай сыйлык берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM