Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни кабыл алынган күн

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 1057 | 0

Бүгүн, 18-декабрда Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын мамлекеттик гимни кабыл алган күнүнө карата иш-чара болуп өттү.

Иш- чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен өтүп, гимндин авторлорунун үй-бүлөлөрү, маданият ишмерлери жана жалпы коомчулук чакырылды.
Гимн 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңеши тарабынан токтом менен бекитилген. Гимндин сөзү Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдин калемине таандык, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Иш- чаранын катышуучулар мамлекеттик гимндин ролу жана ага карата болгон мамиле кандай болушу керектигин белгилеп, аны сыймыктануу менен аткарып ар бир жаран жатка жана маани маңызын түшүнүү менен аткарылышы керек деп белгиледи.
Азамат Жаманкулов иш-чарага катышып жаткан катышуучуларды жана ажалпы Кыргызстандыктарды бул күн менен куттуктап, азаттыктын алгачкы жылдарында мындай зор эмгекти жасаган, Улуттук тарых музейинде улуттук символиканы жараткан инсандарын жеке буюмдарын, гимндин, туунун жана гербдин колго тартылган алгачкы чиймлерин, долбоорлорун жана башка буюмдарын мамлекеттик сактоого берүүсүн авторлордун туугандарынан суранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM