Биз менен байланышыңыз

Президент «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 18 Дек 2021 | 173 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү  реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргызстанда туристтик потенциалын жогорулатуу максатында Башмыйзамдын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кабыл алынды.

Анда:

«Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:

— «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;

— Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин» , — деп жазылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM