Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 9 миң 409 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 184 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 9 миң 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 4 миң 55 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 354 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 178 миң 603 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 964 миң 44 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда калк SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM