Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ошто жаңы жылдык балатынын оту жандырылат

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 254 | 0

Бүгүн, 16-декабрда Ош шаарындагы жаңы жылдык балатынын оту жандырылат.

Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Оштогу балатынын бийиктиги 31 метрди түздү.

 

Ал эми Бишкектеги башкы балатынын отун 17-декабрда жандыруу пландалууда. «Бишкекжарык» мамлекеттик ишканасы башкы балатыны жасалгалоону аяктоо стадиясында турат, 5 миң метрге жакын гирляндалар, 1,5 миң метр дураллайт илинген, падышалык тон менен кооздолгон этникалык стилдеги 13 инсталляция орнотулган.

Борбордук аянтты кооздоо үчүн светодиоддуу жарыктандыруусу бар туннель түрүндөгү эки инсталляция, 12 кичинекей балаты, 12 кар бүртүкчөлөрү, 20 чоң шар жана 20га жакын акрилден жасалган жарык берүүчү инсталляциялар орнотулду.

Борбор калаанын борбордук көчөлөрүн жасалгалоо улантылып жатат, жылдыздар, глобустар жана шар түрүндөгү жаңы жылдык баннерлер илинүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM