Биз менен байланышыңыз

Футзал боюнча курама команда Грузия менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 16 Дек 2021 | 328 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Грузиянын командасы менен жолдоштук беттешке даярдыкты баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн 13-19-декабрда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу өткөрөт. Ошондой эле Азия кубогунун тандоо этабына даярдануу максатында футзал жыйыны өтөт.

Башкы машыктыруучу Амиржан Муканов жетектеген футзал боюнча Кыргызстан курамасында 12 оюнчу, үч дарбазачы бар.

Грузия менен беттештин так мөөнөтү азырынча айтыла элек. Окуу-машыгуу аяктагандан кийин оюнчулар Грузия курама командасы менен эки беттеш өткөрүү үчүн Тбилиси шаарына жөнөп кетишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM