Connect with us

Акыркы суткада 9 миң 954 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 260 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 9 миң 954 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинен 4 миң 409 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 545 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 174 миң 295 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 958 миң 447 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда калк SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM